Чүй облусунун Кара-Балта шаарында кытай инвесторлору “Джунда”деп аталган индустриалдык парк ачуу ниетинде. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Сиань шаарындагы Шэньси – Чжао иде провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Бакыт Төрөбаев Кара-Балтадагы “Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводунун иши ийгиликтүү башталганын белгилеп, мындай долбоорлор ар дайым колдоого алынарын баса белгиледи. “Жакында жаңыланган ишкана мамлекет башчынын катышуусунда ишке берилди. Бул долбоордогу ролуңуз маанилүү. Биз ошондой эле Кытай инвесторлорунун ошол эле шаарда индустриалдык парк ачуу пландарын кубаттайбыз”, – деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Өз кезегинде Чжао Идэ Шэньси провинциясы менен Кыргызстандын Чүй облусунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө, өзгөчө эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүдө жана байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Буга чейин Бакыт Төрөбаев Сиань шаарында өткөн “Жибек жолу” эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөп, чет элдик инвестицияларды тартуу министрлер кабинети үчүн приоритет бойдон кала берерин белгилеген. Ошондой эле ал Кыргызстанда 3000ден ашуун кытай ишканасы катталганын кошумчалады.
Мунайды кайра иштетүүчү “Джунда” заводу “Чайна Петроль Компани Джунда” компаниясы тарабынан курулуп, жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген. Инвестор заводдун курулушуна 300 миллион доллар жумшаган. Завод өз ишин 2013-жылы баштаган. Буга чейин аймактын жашоочулары ишкананын ишмердигинин экологиялык кесепеттерине тынчсыздануусун билдиришкен.
https://kaktus.media/doc/509761_v_kara_balte_planiryut_otkryt_indystrialnyy_park_djynda.html
