Кара-Балтадагы «Жунда» мунай заводу калыбына келтирилип, ишке киргизүүгө даярдала баштады. Бакыт Төрөбаев процесс кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн барганын КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Төрөбаев заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иш алып баруу үчүн Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолугушту.
Кыргызстан менен Кытай Кара-Балтадагы мунай заводун модернизациялоону талкуулады
«Биз заводдун тез арада ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт», – деди ал.
Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган Кытай тарап заводдун ишин жандантуу боюнча конкреттүү чараларды көрөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, кесипкөй жана техникалык эксперттер тобу келерин кошумчалады.
