Кара-Балтадагы “Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводу Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун 800гө жакын тургундарын жумуш орундары менен камсыз кылат. Мындан тышкары, завод жыл сайын бюджетке 2 миллиард сомдон ашык салык которот. Бүгүнкү күндө нефтини кайра иштетүүчү завод Борбордук Азиядагы эң ири заводдордун бири болуп саналат. Күнүнө эки жарым миң тоннага чейин мунайды кайра иштете алат.
Кара-Балта нефтини кайра иштетүүчү заводу Борбордук Азиядагы эң ири заводдордун бири. Ал жылына 800 миң тоннадан ашык мунайды кайра иштетип, Кыргызстандын рыногун газ жана күйүүчү майлоочу материалдар менен дээрлик камсыздай алат.
Чийки зат Россиядан жана Казакстандан алынат. Продукциялар жергиликтүү ишкерлерге гана сатылат. Заводдун жетекчилиги экологияга өзгөчө көңүл бурат. Таштандылар бир нече этапта атайын тазаланат.
Заводдо лаборатория иштеп жатат, ал келип түшкөн чийки заттарды жана даяр продукцияны гана эмес, шаардык канализацияга куюлуп жаткан таштандыларды да тазалагандан кийин текшерет. Өрт коопсуздугун 100гө жакын өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери камсыздайт.
Булак: УТРК
