Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Джунда” заводун ишке киргизүү аземине катышып, аны модернизациялоого капсула салды.
Иш-чаранын башында мамлекет башчысына төрт жылдык токтоп туруудан кийин (2020-жылдын февралынан 2024-жылдын мартына чейин) өндүрүштүк ишин жандандырган “Чайна Петроль Компани Джунда “ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.
Ушул жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктады.
Жылдын аягына чейин завод жылына 800 миң тонна чийки затты түзгөн толук кубаттуулукка жетиши пландалууда. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Ишкананын ишмердиги менен таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн экономикалык саясаты жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти (эркин котормо):
“Урматтуу мекендештер!
Урматтуу мунай ишканасынын кызматкерлери!
Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын коноктору!
Мен сиз менен ушундай маанилүү иш-чарада жолукканыма абдан кубанычтамын. Биз турган Кара-Балта шаарындагы “Джунда” заводу өлкөбүздүн өнөр жайы үчүн чоң мааниге ээ. Бул ишкана Кыргызстанда мунай продуктуларын өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат.
Биз заводду ишке киргизүүдө модернизациялоо долбоорунун алкагында “убакыт капсуласын” коюу аземине чогулганбыз жана бүгүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай тарыхындагы маанилүү окуяга күбө болуп жатабыз деп ишенимдүү айта алабыз.
Белгилүү болгондой, 2020-жылга чейин “Джунда” заводу ар кандай бензин, дизель, чайыр, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп, калкыбыздын муктаждыктарын белгилүү деңгээлде камсыздап келген. Бирок, тилекке каршы, бир катар себептерден улам завод 2020-жылдын февралында өз ишин токтоткон.
Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн олуттуу мааниге ээ болду. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кытайга болгон мамлекеттик сапарымдын алкагында Мен бул маселени Кытай Эл республикасынын төрагасы, Урматтуу Си Цзиньпин менен талкууладым.
Натыйжада, Си Цзиньпин саясий эркин жана күчтүү колдоосун билдирди. Ушундан улам, биз азыр позитивдүү жыйынтыктарга кубанып жатабыз. Урматтуу Си Цзиньпинге терең ыраазычылык билдиргим келет!
Урматтуу жарандар!
Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган “Джунда” заводунун долбоору амбициялуу максаттарга ээ. Бирок, бул долбоор дээрлик беш жылга токтотулган, тагыраак айтканда – 2024-жылдын март айына чейин. Атайын эки тараптуу топтор түзүлүп, пландар бекитилди жана 2023-жылдын ноябрынан 2024-жылдын мартына чейин кыска мөөнөттө олуттуу иштер аткарылды: кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди, капиталдык оңдоо иштери аткарылды жана технологиялар Жаңыртылды. Эми завод жаңы кубаттуулуктар менен ишин улантууга даяр.
Мындан тышкары, заводду модернизациялоо иштери башталат. Мамлекет бул маанилүү завод үчүн өлкөнүн өнөр жайы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, колдоо көрсөтүп, аны дайыма коштоп жүрөт.
Заводду модернизациялоого 450 млн АКШ долларына жакын каражат жумшалат.
Министрлер кабинети менен “Орто Азия энергетикалык компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлуп, бир катар салыктык жеңилдиктер берилди. Мындай жеңилдиктер модернизацияны тез жана сапаттуу бүтүрүүгө жардам берет жана завод заманбап технологиялар менен ийгиликтүү иш алып барат деп ишенем.
Заводдо жогорку класстагы К4 жана К5 бензинин өндүрүү толугу менен заманбап жана биздин рынок үчүн өтө зарыл.
Ошондой эле завод битум өндүрө тургандыгына кубанычтамын. Бул биздин өлкөнү жол куруу үчүн битум менен камсыз кылат. Мындай шартта сапаты жакшыртылган жолдор дагы курулат деп ишенем.
Бул аракеттер экономикабыздын чыңдалышына, жумуш орундарынын көбөйүшүнө жана өлкөнүн өнөр жайынын туруктуу өнүгүшүнө алып келет.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Белгилүү болгондой, биз экономикабызды индустриялаштыруунун үстүндө иштеп жатабыз.
Биздин жаңы экономикалык саясатыбыз жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган. Жаңы заводдорду жана фабрикаларды ачуу биздин негизги максаттарыбыздын бири.
Быйыл 100дөн ашык өндүрүш ишканаларын ишке киргизебиз. Эсептөөлөр боюнча, бул үчүн 2 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. Бул заводдордун ишке кириши менен кеминде 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул башталышы гана. Биз мындай маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз.
Мага “Джунда” индустриалдык паркын түзүү боюнча жакын пландар абдан жакты, мен аларды колдойм. Кыргызстан бул долбоорду ишке ашырууга толук жардам берет. “Джунда” индустриалдык паркы да оң өзгөрүүлөргө маанилүү салым болот.
Урматтуу иш чаранын катышуучулары!
Бүгүн, заводду ишке киргизүүдө жана модернизациялоонун алкагында “убакыт капсуласын” салууда мен өлкөбүздүн бардык өнөр жайынын өнүгүшүн жана өнүгүшүн каалайм.
Биздин ар бир кадамыбыз Кыргызстанды ар тараптан өнүктүрүүгө жана элдин бакубат жашоосуна багытталууга тийиш экендигин баса белгилеп кетүү маанилүү. Заводдун ишке кириши ийгиликтүү жолдун башталышы болсун!
Бириккен аракет менен биз сүйүктүү Кыргызстаныбызды алдыга жылдыра алабыз. Сиздерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!»
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Корв” жоопкерчилиги чектелген коомун (Чайна Петроль Компани “Джунда”) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Андан кийин Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэван жана “Шэньси көмүр жана химиялык өнөр жай корпорациясынын” башкы директору Чжан Футан менен биргеликте заводду модернизациялоону башташты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров “Джунда” заводун ишке киргизүү жана модернизациялоо үчүн “убакыт капсуласын”салды.
