30-апрелде Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Шэньси провинциясынын (Кытай Эл Республикасы) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганды кабыл алды.
Маалым болгондой, кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, өзгөчө энергетика, жер казынасын пайдалануу, маданий-гуманитардык кызматташуу, транспорттук логистика, инвестиция жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы акыркы жылдары байкалган позитивдүү мамилелерди чыңдоо тенденцияларын канааттануу менен белгиледи.
Садыр Жапаров Чжао Гандын бул жолку сапары Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты, өзгөчө экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер, айрыкча эки тараптуу кызматташуу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүлгөндөн кийин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи. Көп жылдар бою Кытай Кыргызстан үчүн экономика жана инвестиция жаатындагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берет.
Бул контекстте Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, атап айтканда, Шэньси провинциясынын инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана биргелешкен экономикалык пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Шэньси провинциясы менен конкреттүү долбоорлорго токтолуп, мамлекет башчысы модернизациялоо иштери аяктагандан кийин жакын арада ишке бериле турган «Джунда» мунай заводун кайра иштетүү долбооруна токтолду.
Өз кезегинде Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганг Кыргызстанда Шэньси провинциясынын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, бул анын Кыргызстанга биринчи сапары, анын максаты эки өлкөнүн лидерлери мурда жетишилген долбоорлорду жана макулдашууларды мындан ары да бекемдөө жана ишке ашыруу болуп саналат.
Чжао Ганг ал жетектеген делегацияга кыргыз тарап менен кызматташуу багыттарын кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча зарыл чараларды көрүү милдети коюлганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы темир жол долбоорлорунун, ошондой эле Кытай-Европа экспресс темир жолунун аркасында Шэньси провинциясы менен Борбордук Азиянын, атап айтканда, Кыргызстан менен соода көлөмүн кеңейтүү мүмкүн болоруна ишеним билдирди.
Жыйынтыгында тараптар Шэньси провинциясы менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүү жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
