+996 559 360 999
zhongda@gmail.com
Кыргызстан, Кара-Балта шаары
+996 559 360 999
zhongda@gmail.com

“Чайна Петроль Компани Джунда” расмий билдирүүсү

“Чайна Петроль Компани Джунда”расмий билдирүүсү “Чайна Петроль Компани Джунда “Балыкчыдагы май куюучу жайда маркировканын бар экендигин текшерүү учурунда АИ-95 отунунун сапатына байланыштуу бир катар булактар тараткан туура эмес маалымат тууралуу коомчулукка маалымдайт. Бул маалымат анык эмес экенин баса белгилеп, муну белгилегибиз келет:

  • “Учкун” ААК товарлардын маркировкасынын болушун жана шайкештигин текшере алат, бирок отундун сапатына баалоо жүргүзүүгө аккредитацияга ээ эмес;
  • Мамлекеттик салык кызматы (МСК) отундун сапатын аныктоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ эмес.
  • Бул фактылар МСК, “Учкун”ААК тарабынан берилген расмий жооптор менен тастыкталат.
  • “Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводу ишке ашырылып жаткан күйүүчү майдын сапаты техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча мамлекеттик агенттиктин (КР Мамстандарт) аккредиттелген органдары тарабынан жүргүзүлгөн лабораториялык сыноолор менен тастыкталды. Анализдин жыйынтыгы боюнча бардык күйүүчү майлар белгиленген талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Мындан тышкары, Жогорудагы маалымат таратылгандан кийин май куюучу станциядагы АИ-95 күйүүчү майы, ошондой эле заводдун резервуарлары кайрадан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алуу максатында компания тарабынан мөөр басылганын билдиребиз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын нормативдерге жооп берери аныкталды. “Чайна Петроль Компани Джунда”расмий билдирүүсү 16-июль 2025-жылы ишканага “Учкун” ААКдан комиссия келип, мөөр басылган күйүүчү майга маркировкалоонун бар экендигин жана аныктыгын текшерүүнү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук бузуулар табылган жок – маркировка аныктыгын жана анын бар экендигин тастыктады.

Компания ошондой эле азыркы учурда “Чайна Петроль Компани Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводунда К2 жана К3 күйүүчү майларын К4 жана К5 стандарттарын чыгарууга өткөрүүнүн алкагында модернизациялоонун активдүү фазасы уланып жаткандыгын маалымдайт. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусунда демилгеленип, 2026-жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга Кытай инвестору – Кытай өкмөтү, атап айтканда, Шаньси провинциясы (КЭР) тарабынан 193 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция жумшалат. Биз “Джунда” компаниясы ар дайым ак ниет бизнес жүргүзүү принциптерин так сактагандыгын жана сапаттын, экологиялык коопсуздуктун бардык стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактагандыгын расмий билдиребиз. Фабриканы модернизациялоо аяктаганга чейин жана андан кийин чыгарылган продукциянын сапатына кепилдик беребиз. Бардык күйүүчү майлар эң жогорку талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

https://kaktus.media/doc/527924_oficialnoe_zaiavlenie_ot_chayna_petrol_kompani_djynda.html

Окшош макалалар

Садыр Жапаров Шэньси провинциясынын элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ганды кабыл алды

30-апрелде Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Шэньси провинциясынын (Кытай Эл Республикасы) Элдик...

Президент Садыр Жапаров Кара-Балтада токтоп турган “Джунда” заводун ишке киргизип, аны модернизациялоого капсула салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Джунда" заводун ишке...

Кара-Балтада “Джунда”индустриалдык паркы ачылат

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында кытай инвесторлору "Джунда"деп аталган индустриалдык парк ачуу ниетинде. Бул тууралуу...

“Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводу 800гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылууда

Кара-Балтадагы "Джунда" Нефтини кайра иштетүүчү заводу Кара-Балта шаарынын жана Жайыл районунун 800гө жакын тургундарын...

Министрлер кабинетинин башчысы Чүй облусунун бир нече ишканасына барды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы бир нече өнөр жай ишканаларында болду....

“Джунда” заводу модернизациялангандан кийин Кыргызстандын мунай продуктыларынын 40% ын жабат

КР министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна иш сапары менен барып, Жайыл районунун...

Б. Төрөбаев «Джунда» заводун ишке киргизүүгө кандай даярдыктар жүрүп жатканын текшерди

Кара-Балтадагы «Жунда» мунай заводу калыбына келтирилип, ишке киргизүүгө даярдала баштады. Бакыт Төрөбаев процесс кандай...

“Джунда “заводун модернизациялоого 167 млн доллар сарпталат, завод к-5 стандартына чейин жаңыланат-Амангелдиев

КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2025-жылы мунайды кайра иштетүүчү "Джунда"...