
Кара-Балта шаарынын жаңы мэри Исаков Алмаз Карыповичтин «Джунда»заводунун иши менен тааныштыруусу.
Иш сапардын жүрүшүндө мэр ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, негизги өндүрүш процесстери, ошондой эле заводду модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу стадиясы тууралуу маалымат алды. Өндүрүштүк натыйжалуулукту жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү жана экологиялык ченемдерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, делегация заводдун инфраструктурасынын негизги объектилери, анын ичинде өндүрүштүк аянттар, мунайзаттарды сактоо, кабыл алуу жана берүү участогу, ошондой эле саркынды сууларды тазалоо системасы менен таанышты.
