ЧПК “Джунда” заводу Кытай жаңы жылын белгиледи

0
24

16-февралда ЧПК “Джунда”  компаниясы Кытайдын жаңы жылын белгиледи. Сөзмө-сөз которгондо «жаз майрамы» деп аталган бул майрам илгертен бери Кытайда жана Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүндө эң чоң жана эң узакка созулган майрам болуп келген.

Бул күнү компаниянын жетекчилигинин демилгеси менен бардык кызматкерлерге майрамдык белектер тапшырылды. Ошондой эле жакшы салт боюнча таланттуу кызматкерлер жандуу концерттик программа даярдашты. Көрүүчүлөргө жергиликтүү жана Кытай кызматкерлеринин кызыктуу номерлери тартууланды: бийлер, ырлар, театрлаштырылган оюндар жана башка спектаклдер.

Мындай иш-чаралар жамаатты бириктирип, достук байланыштарды бекемдеп, компаниянын кызматкерлеринин биримдигине өбөлгө түзөт.

Майрамдын соңунда бардык катышуучулар үчүн 300 кишилик майрамдык дасторкон жайылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here