Чайна Петроль Компанинин “Джунда”расмий билдирүүсү

Чайна Петроль Компани Джунда компаниянын май куюучу жайларында сатылып жаткан отундун сапатына тиешелүү бир катар булактар тараткан туура эмес маалыматтар жөнүндө коомчулукка маалымдайт. “Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводу ишке ашырылып жаткан КММ сапаты техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча мамлекеттик агенттиктин (КР Мамстандарт) аккредиттелген органдары тарабынан жүргүзүлгөн лабораториялык сыноолор менен тастыкталды. Анализдин жыйынтыгы боюнча бардык күйүүчү майлар белгиленген талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Жогоруда айтылган маалымат таркатылгандан кийин май куюучу жайлардагы бардык АИ-95 күйүүчү майлары, ошондой эле заводдун резервуарлары кайрадан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алуу максатында компания тарабынан мөөр басылганын кошумча билдиребиз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын нормативдерге жооп берери аныкталды. 16-июль 2025-жылы ишканага “Учкун” ААКдан комиссия келип, мөөр басылган күйүүчү майга маркировкалоонун бар экендигин жана аныктыгын текшерүүнү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук бузуулар табылган жок — маркировка аныктыгын жана анын бар экендигин тастыктады.

Компания ошондой эле азыркы учурда “Чайна Петроль Компани Джунда” Нефтини кайра иштетүүчү заводунда К2 жана К3 күйүүчү майларын К4 жана К5 стандарттарын чыгарууга өткөрүүнүн алкагында модернизациялоонун активдүү фазасы уланып жаткандыгын маалымдайт. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда демилгеленип, 2026-жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга Кытай инвестору — Кытай өкмөтү, атап айтканда Шаньси провинциясы (КЭР) тарабынан 193 миллион доллардан ашык инвестиция жумшалат.

Биз “Джунда” компаниясы ар дайым ак ниет бизнес жүргүзүү принциптерин так сактагандыгын жана сапаттын, экологиялык коопсуздуктун бардык стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактагандыгын расмий билдиребиз. Фабриканы модернизациялоо аяктаганга чейин жана андан кийин чыгарылган продукциянын сапатына кепилдик беребиз. Бардык күйүүчү майлар эң жогорку талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

“Джунда” ЖПКнын жетекчилиги

Окшош макалалар

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине катышты

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасына катышты. Өнөр жай жана...

Күз ортосу майрамы 

25-сентябрда, Кытайда эң жылуу маанайдагы жана кооз...

Мунайчылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер, өнөр жай кызматкерлери жана...

 Сиздерди Улуу майрамыңыздар — 9-май Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! ЧПК «Джунда» компаниясынын атынан сиздерди Улуу...

Социалдык тармактарда тараган видео чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тараган видеодо автордун "ЧПК "Джунда"...