Социалдык тармактарда тараган видеодо автордун “ЧПК “Джунда” заводу Кытай кызматкерлери үчүн “Кытай айылын” куруп, ичинде мектеби жана бала бакчасы бар экен” – деп таратылган видео чындыкка дал келбейт.
Бүгүнкү күндө заводдо 1000ден ашык кызматкер иштейт, алардын 200гө жакыны Кытайдан келген адистер. Мындан тышкары, ишкананы модернизациялоого байланыштуу техникалык жана өндүрүштүк тапшырмаларды аткаруу үчүн мыкты чет элдик адистер убактылуу тартылат. Чет элдик адистерге ыңгайлуу болушу үчүн заводдун жанында жатаканалар берилген. Бул кызматкерлер жумушка көңүл бурушу үчүн жана күн сайын шаарды кыдырып убакытты текке кетирбеши үчүн гана. Жатакананын аймагында мектеп, бала бакча жана башка ушул сыяктуу объектилер жок экендигин маалымдайбыз.
Кытайлык адистер үй-бүлөсү жок жумушка тартылышат.
Туура эмес маалыматтарды таратуудан жана негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранабыз.
