Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жарандар тарабынан көтөрүлгөн кайрылууларга байланыштуу ЧПК «Джунда» айтылган маселелер боюнча түшүндүрмө берет.
«Биз тургундардын пикирин урматтоо менен кабыл алабыз жана калк менен ачык диалог жүргүзүүнү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну жана кызматкерлерге кам көрүүнү ишмердүүлүгүбүздүн маанилүү багыттары деп эсептейбиз», — деп белгилешти ЧПК «Джунда» ишканасында.

Экологиялык коопсуздук маселеси боюнча
Экологиялык коопсуздук ЧПК «Джунда» ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Учурда ишкана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга да багытталган модернизация долбоорун ишке ашыруунун акыркы баскычында турат. Модернизация аяктагандан кийин атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү азаят деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, мунай продуктуларын сактоо жана ташуу цехинде мунай бууларын кармоо жана рекуперациялоо боюнча жаңы жабдуу орнотулууда. Ал мунай продуктуларынын бууларын кармап, кайрадан өндүрүш процессине кайтарууга жана алардын атмосферага таралышын азайтууга мүмкүндүк берет.
Акыркы үч жыл ичинде ЧПК «Джунда» экологиялык төлөмдөр катары 33 445 790 сом которгон. 2026-жылдын I кварталында гана бул төлөмдөрдүн суммасы 6 105 842 сомду түзгөн.
2024-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде Кара-Балта шаардык суу канализация башкармалыгына саркынды сууларды агызуу үчүн төлөнгөн каражаттардын жалпы суммасы 68 699 230 сомдон ашкан. Мындан тышкары, 2023-жылдан 2026-жылга чейин компания Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджетине дээрлик 80 млн сом салык төлөгөн. Ошондой эле жер тилкесин ижарага алуу үчүн жыл сайын 4 млн сомдон ашык каражат төлөп келет.
Компания жана инвесторлор экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп, заманбап техникалык чечимдерди ырааттуу киргизүүдө жана завод жайгашкан аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган зыяндуу заттардын абага чыгарылышын жана саркынды суулардын төгүлүшүн азайтуу боюнча кошумча чараларды көрүүдө.
Заводдун айланасын жашылдандыруу маселеси боюнча
ЧПК «Джунда» ишканасы буга чейин да заводдун аймагын жана анын айланасын жашылдандыруу боюнча бир нече жолу иштерди жүргүзгөн. Бирок пандемия мезгилинде заводдун ишмердүүлүгү убактылуу токтотулгандыгына, ошондой эле сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу мурда отургузулган көчөттөрдүн бир бөлүгү куурап калган.
Мурунку тажрыйбаны эске алуу менен компаниянын жетекчилиги жашылдандыруу иштерин уюштуруу, көчөттөрдү отургузуу жана аларды андан ары багуу менен алектене турган атайын топ түзүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кылуу үчүн тамчылатып сугаруу системасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
2027-жылдын жаз айларында ЧПК «Джунда» болжол менен 2 гектар аянтка жаңы жашыл көчөттөрдү отургузууну пландаштырууда.
Кызматкерлерди сүт азыктары менен камсыз кылуу маселеси боюнча
Зыяндуу өндүрүш шарттарында эмгектенген кызматкерлерге учурда ар бир адамга жумасына 1 литрден сүт берилет. Компания эмгек шарттарын жана белгиленген ченемдик талаптарды эске алуу менен берилүүчү сүттүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап жатат.
Эмгек акы жана социалдык шарттар боюнча
2024-жылы капиталдык оңдоо иштеринен кийин завод өз ишин кайра жандандырган. Бирок чийки зат сатып алуу жана даяр продукцияны сатуудагы кыйынчылыктардан улам ишкана азырынча толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштей элек.
Учурда кызматкерлердин эмгек акысы алардын квалификациясына, иш тажрыйбасына жана ээлеген кызмат ордуна жараша аныкталат.
Кызматкерлердин категориялары боюнча орточо эмгек акы төмөнкүдөй:
- инженердик адистер жана улук кызматкерлер — 100 390 сом;
- административдик кызматкерлер — 69 134 сом;
- техникалык жана өндүрүштүк персонал — 57 375 сом.
2025-жылы жергиликтүү кызматкерлер үчүн тамак-ашка кошумча төлөм киргизилип, анын өлчөмү 3 800 сомду түзгөн. Мындан тышкары, компания кызматкерлерди корпоративдик транспорт менен камсыз кылат жана спорт менен машыгууга шарт түзгөн. Ишкананын аймагында спорт комплекси, футбол жана баскетбол аянтчалары курулган.
Компаниянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы
ЧПК «Джунда» — жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүчү долбоордук кубаттуулугу бар өлкөдөгү ири өнөр жай ишканаларынын бири.
Бүгүнкү күндө ишкана 1 000ден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ошондой эле анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында логистика, транспорт жана сервистик тейлөө сыяктуу тармактарда 2 000ден ашык кошумча жумуш орду түзүлгөн.
Компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мезгилден бери мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 10 млрд сомдон ашык каражат которгон.
Модернизация долбоору аяктагандан кийин ишкана К5 экологиялык класстагы мунай продуктуларын чыгарууну жана толук долбоордук кубаттуулукка чыгууну пландаштырууда. Бул Кыргызстандын ички рыногунун күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон керектөөсүнүн 35 пайыздан ашыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
ЧПК «Джунда» Кара-Балта шаарынын, Жайыл районунун жана Кыргызстандын башка аймактарынын тургундары менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө ачык. Өткөн жылдан бери компания жергиликтүү тургундар үчүн Ачык эшик күндөрүн өткөрүп, аларга ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесстери жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
