Акыркы убакта биздин брендди экинчи жактар мыйзамсыз колдонгон учурлар көбөйгөнүн билдиребиз.
Айрым ишкерлер, контрабандисттер же башка адамдар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жана дизель отунун “Джунда” маркасы менен сатууну ишке ашырып, кардарларды адаштырып, өздөрүн биздин өнөктөш же өкүл катары көрсөтүп жатышат.
Биз бул аталган адамдарга тиешебиз жок жана алар биздин атыбыз менен саткан күйүүчү майдын келип чыгышы, сапаты жана мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликти тартпарыбызды эскертебиз.
“Джунда” бренди астында продукцияларды жападан-жалгыз расмий өндүрүүчү жана жеткирүүчү болуп Кара-Балта (Кыргызстан) шаарында жайгашкан “Джунда” Чайна Петроль Компанинин нефтини кайра иштетүүчү заводу эсептелинет.
Бардык өнөктөштөрдү жана кардарларды сергек болууга чакырабыз.
Брендди мыйзамсыз пайдалануу фактылары же “Джунда” атынан күйүүчү май сатуу боюнча шектүү сунуштар аныкталган учурда расмий байланыштар боюнча дароо биздин компанияга билдирүүңүздөрдү суранабыз.
Телефондор: +996 (3133) 3 66 66, +996 (312) 22 15 15
Эл. Почта: zhongda@gmail.com
Сайттын: www.zhongda.kg
Instagram: @press_slujba_zhongda
Биз “Джунда” заводу же анын расмий өкүлдөрү менен түздөн-түз кызматташканда гана продукциянын сапатына жана аныктыгына кепилдик беребиз.

