“Джунда” ЧПКнын расмий кайрылуусу

Кеминде ЧПК “Джунданын” жаңы май куюучу станциясы ачылды

31-октябрда Кемин шаарында “Чайна Петроль Компани Джунданын” жаңы май куюучу станциясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Жаңы станциянын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бул 5000 чарчы метрден ашык аянтты ээлеген “Джунда” тармагынын эң ири май куюучу жайы. Чүй облусунун Кемин районун, Кичи-Кемин айыл аймагында, “Жылтыр” участкасында жайгашкан заманбап май куюучу жай кардарларды күнү-түнү тейлөөгө даяр экенин билдиребиз.

Белгилүү себептер менен “Джунда” компаниясынын иши убактылуу токтотулган мезгилден бери акыркы беш жылда —курулган биринчи болуп Кеминдеги май куюучу станциясы эсептелинет.

Жаңы станция акыркы технологиялык стандарттар менен жабдылган жана сапат, коопсуздук жана экологиялык талаптарга толук жооп берет.

Окшош макалалар

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине катышты

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасына катышты. Өнөр жай жана...

Күз ортосу майрамы 

25-сентябрда, Кытайда эң жылуу маанайдагы жана кооз...

Мунайчылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер, өнөр жай кызматкерлери жана...

 Сиздерди Улуу майрамыңыздар — 9-май Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! ЧПК «Джунда» компаниясынын атынан сиздерди Улуу...

Социалдык тармактарда тараган видео чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тараган видеодо автордун "ЧПК "Джунда"...