ЧПК «Джундада» корпоративдик көргөзмө залы ачылды

ЧПК «Джундада» компаниянын тарыхын сактап, анын өнүгүү жолун кеңири таанытууга багытталган жаңы мейкиндик — корпоративдик Көргөзмө залы ачылды.

Көргөзмө залындаЧПК «Джунданын» түптөлүү тарыхы, заводдун курулушунун жана өнүгүүсүнүн негизги этаптары, маанилүү жетишкендиктери жана ишке ашырылган долбоорлорутууралуу маалыматтар топтолгон.

Экспозицияда өзгөчө орунду фотогалерея ээлейт. Анда ишкананын курулушунун алгачкы күндөрүнөн тартып бүгүнкү күндөгү модернизация этабына чейинки тарыхын көрүүгө болот. Фотосүрөттөр аткарылган иштердин масштабын, өндүрүштүк кубаттуулуктардын өнүгүшүн жана компаниянын калыптанышына кызматкерлердин кошкон салымын чагылдырат.

Ошондой эле көргөзмө залында ЧПК «Джунданын» продукцияларынын үлгүлөрү коюлган. Бул конокторго ишкананын тарыхы менен жакындан таанышып гана тим болбостон, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын да көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмө залы — бул жөн гана сүрөттөрдүн жана экспонаттардын жыйындысы эмес. Бул — компаниянын басып өткөн жолун, маанилүү окуяларын жана эмгек жамаатынын жетишкендиктерин чагылдырган тарыхый баян. Бардык конокторду көргөзмө залына келип, компаниябыздын тарыхы менен жакындан таанышууга жана ишкананын басып өткөн тарыхый жолуна күбө болууга чакырабыз.

Окшош макалалар

Күз ортосу майрамы 

25-сентябрда, Кытайда эң жылуу маанайдагы жана кооз...

Мунайчылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер, өнөр жай кызматкерлери жана...

 Сиздерди Улуу майрамыңыздар — 9-май Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! ЧПК «Джунда» компаниясынын атынан сиздерди Улуу...

Социалдык тармактарда тараган видео чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тараган видеодо автордун "ЧПК "Джунда"...

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Акунбеков биздин заводго келди

7-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун...