ЧПК “Джунда” компания кызматкерлерин «Ажыдаар кайыктары майрамы» менен куттуктады
Жыл сайын Ай календары боюнча бешинчи айдын бешинчи күнү Кытайда салттуу майрамдардын бири — «ажыдаар кайык майрамы» же кытай тилинде айтсак «Дуану» майрамы белгиленет. Бул майрамдын тарыхы эки миң жылдан ашуун убакытты камтыйт жана биздин заманга чейинки кылымда башталган. Анын пайда болушу менен байланышкан көптөгөн уламыштар жана легендалар бар.
Майрам Кытайдын Янцзы дарыясынын жээгиндеги түштүк аймактарында кездешкен байыркы ажыдаарга сыйынуу салты менен байланышы бар деп эсептелет. Бирок, эң белгилүү версия-өз өлкөсүнө берилгендиктин жана сүйүүнүн символу болуп калган Улуу кытай акыны жана мамлекеттик ишмери Куй Юанды эскерүү окуясы.
Бул маанилүү маданий иш-чаранын урматына ЧПК “Джунда” жетекчилиги компаниянын бардык кызматкерлерине куттуктоо даярдады. Бүгүнкү күндө компанияда жергиликтүү калктан 900дөн ашык кызматкер иштейт жана ар бир кызматкерге компаниянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн көңүл буруу жана ыраазычылык иретинде эстелик белектер тапшырылды.
“Джунда” компаниясы маданий салттарды сактоого өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын кыргыз жана кытай майрамдарын белгилеп, өз кызматкерлерине камкордук жана урмат көрсөтүп келет.
Биз чоң Командабыздын ар бир мүчөсүн баалайбыз жана баардыгыбызга ден-соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк жылуулук жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз!
