18-июлда Кара-Балта шаарынын жаңы дайындалган мэри Рыскулбек уулу Нурмат биздин заводго барды

Иш сапардын алкагында ал “Джунда”заводун масштабдуу модернизациялоо уланып жаткан өнөр жай аянтчасында көчмө текшерүү жүргүздү. Модернизациялоонун максаты-өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жабдууларды жана өндүрүш процесстерин жаңыртуу жана өркүндөтүү.

 Модернизациялоону тездетип аяктоо үчүн 200дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер тартылган. Келечекте пландаштырылган бардык иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү үчүн алардын санын 800гө чейин көбөйтүү пландалууда. Иш сапардын жүрүшүндө тургундардын арыздары да козголду. “Джунда” ЧПК компаниясы конструктивдүү диалогго ачык жана өз ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын көрсөтүүгө, анын ичинде атмосферага чыгаруулардын иш жүзүндөгү деңгээли жөнүндө маалыматтарды берүүгө даяр. Мындан тышкары, жакынкы арада тургундар үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Иш-чаранын алкагында ар бир каалоочу ишкананын иши менен жеке таанышып, заводдун адистерине кызыккан суроолорун бере алат.

Окшош макалалар

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине катышты

ЧПК «Джунда» Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасына катышты. Өнөр жай жана...

Күз ортосу майрамы 

25-сентябрда, Кытайда эң жылуу маанайдагы жана кооз...

Мунайчылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер, өнөр жай кызматкерлери жана...

 Сиздерди Улуу майрамыңыздар — 9-май Жеңиш Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! ЧПК «Джунда» компаниясынын атынан сиздерди Улуу...

Социалдык тармактарда тараган видео чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тараган видеодо автордун "ЧПК "Джунда"...