Урматтуу Кыргызстандыктар!
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Учурдагы кырдаалды сиз менен бөлүшкүбүз келет. “Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧК заводу өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу менен туруктуу жана токтобостон ишин улантууда.
Биз үчүн Экспорт — топтолгон көлөмгө байланыштуу аргасыз чара, завод токтоп калбашы жана ишин улантуусу үчүн зарыл. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто КММга болгон баалардын өсүшү байкалууда жана биз өндүрүүчү катары чийки затты дагы жогору баада сатып алышыбыз керек.
Буга карабастан, биз бааларды кармап туруу жана күйүүчү майды коомчулук үчүн жеткиликтүү сактоо үчүн, анын ичинде аны рыноктук деңгээлден төмөн ишке ашыруу үчүн колдон келген аракетибизди жумшап жатабыз.
Биздин “Джунда” АЗС тармагында биз бааларды рыноктун башка катышуучуларына караганда төмөн деңгээлде кармап турабыз.
Ошондой эле өлкөнүн калкын атамекендик өндүрүштөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн нефтетрейдерлерге атамекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдорду колдоо өтүнүчү менен кайрылабыз.
Ар бириңиздерге ишеним жана колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
